Мажилис Нурсултан Назарбаевдин өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектей турган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Мажилис депутаттары аталган мыйзам долбоорун кечээ, 16-майда биринчи окууда эле колдошкон.
Коопсуздук кеңешинин милдеттерине:
- Мамлекеттик саясаттын улуттук коопсуздук жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү тармактарындагы негизги багыттарын карап чыгуу;
- Бул багыттагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо кирет.
Казак Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына:
- Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;
- Кеңештин отурумдарын жана чукул жыйындарын өткөрүү;
- Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү жоболорду бекитүү;
- Башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
"Коопсуздук кеңеши жана анын аппаратынын чыгымдары республикалык бюджеттен каржыланат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздаган орган катары Коопсуздук кеңешинин ролун жана ордун ачык аныктоого мүмкүндүк берет", - деген юстиция министри Марат Бекетаев.
Мажилиске жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунда, Казакстандын биринчи президенти өмүр бою өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектөөгө укуктуу боло тургандыгы белгиленген. Докладды уккан соң катталган 104 депутат тең мыйзам долбоорун жактырган.