Эл аралык аренада Кыргыздын намысын коргоп жүргөн мушкер Рафаэль Физиев UFC'нин тандоо туруна катышат

Эл аралык аренада Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп жүргөн мушкер Рафаэль Физиев UFC'нин тандоо туруна катышат. Бул тууралуу спортчу Инстаграмдагы өздүк баракчасына жарыялаган.

"Ардактуу достор, мен UFC "Dana White Contenders Series" турниринин тандоо туруна катышам. 10-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында америкалык Жоуи Гомеске каршы беттешке чыгам. Эгер жеңишке жетсем, анда мага UFC менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бул кез келүү менин жашоомдогу эң негизги беттештердин бири жана мен өзүмдөн талап кылынган бардык нерсени аткарып, кыялыма жетүүгө, Кыргыздын желегин UFC'нин октагонунда желбиретүүгө болгон аракетимди жумшайм. Беттешке даярдык көрүү башталган жана бардык топтоп жүргөн каражаттарымды ушул багытка жумшадым. Жараткан буюрса, жакындарымдын жардамы менен бардыгы ишке ашат. Кыргыз алга", - деп билдирүү калтырган мушкер.

"Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпионаттын жеңүүчүсү. Shepdogg сайтынын версиясы боюнча, профессионалдык рингде 5 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
expert.007
2018-05-17 15:00:38
Буга чейин бир да укпапмын Рафаель жөнүндө. Ийгилик каалайбыйз
+11
KyrgyzKagan
2018-05-17 15:46:38
expert.007, Интернеттен карасаң сонун болору бар баарында накаут кылган. Күчтүү боец.
0
Azatbek.Svoboda.
2018-05-17 17:49:15
expert.007,Менда биринчи жолу угуп жатам.
+1
kyrgyzstan_93
2018-05-17 18:36:59
expert.007,уят ээ бала интернет деген нерсе бар кара бойлорун
0
BekAmir
2018-05-17 15:20:32
Молодец алга
+7
Qwer007
2018-05-17 15:27:41
Жакшы мушкер матрицанын кыймылындай урушкан тай боксчу ,молодец Кыргыз желегин желбирет ийгилик
+9
medet1983
2018-05-17 15:44:53
Молодец максатына жетип, Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер.
+8
Nazar76
2018-05-17 18:08:26
Кыргызстан алга ийгилик каалайм
+3
Derzki_kyrgyz
2018-05-18 02:36:59
Кыргызстанды дуйно билсин
0
Maks_shop
2018-05-18 04:25:09
Патриот бул жигит
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан