Токтогул суу сактагычындагы суу кышында өлкөнүн ички керектөөсүнө жетиши керек. Мындай пикирин "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Абдылда Исраилов билдирди. Айтымында, быйыл суу сактагычтагы суунун көлөмүн 15 миллиард куб метрге жеткирүүгө аракеттер болууда. "Быйылкы кышты камсыздай алабыз, бизди 2014-жыл кооптондуруп жатат. Эгер кийинки жылы да быйылкыдай суу аз болсо күз-кыш оор өтүшү мүмкүн",- деди Исраилов. Электр энергиясын азыртадан үнөмдөп баштоого чакырган Исраилов "мүмкүн болушунча 2014-жылдын күз мезгилине 15 миллиард куб метр суу менен жеткенибиз жакшы. Ошондо гана кийинки жылдын кышынан ийгиликтүү чыгабыз",- дейт.