Эрдоган БУУну "адилетсиз саясат жүргүзүүдө" деп сындады

"Бириккен Улуттар Уюму кулап жатат". Мындай пикирин Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган президенттик үйдө өткөрүлгөн ооз ачуу иш-чарасында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эрдоган БУУнун таасири барган сайын жоголуп бара жатканын билдирди. "Бириккен Улуттар Уюму дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жоготууда. Жакында эле Газа секторундагы кагылышууда ондогон палестиналыктар көз жумду. БУУ дүйнөгө "кош стандарт" саясатын жүргүзүүдө. Эгер Газадагыдай кандуу окуя дүйнөнүн башка бөлүгүндө болгондо баары каршы пикирин билдирмек. Бирок, тилекке каршы, дүйнө коомчулугу Израилдин палестиналыктардын үстүнөн жасаган басымына көңүл бурбай жатат", - деди Эрдагон.

Ошондой эле түрк лидери Израилдин куралдуу аракеттерине жооп кайтарылбаса, дүйнөнү чоң коркунуч күтүп турарын эскертти.

Эске салсак, 14-майда АКШ Израилдеги элчилигин дүйнөлүк диндер үчүн маанилүү роль ойногон Иерусалим шаарына көчүргөн. Мындай аракеттен кийин Газа секторунда палестиналыктар нааразычылык билдиришип, Израиль армиясы менен кагылышкан. Натыйжада 60тай адам көз жумганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
fantomas
2018-05-18 08:46:02
Туура айтат, БУУ Американын марионеткасы болуп калды. Мисалы Америка БУУнун уруксаты болбой туруп Сирияга сокку урду. Израиль ракеталары менен Сирияны аткылоодо. Ошондо БУУ каякты карап отурат?!!

Америка ВТО (Дуйнолук Соода Уюмунун) мучосу боло туруп Оруссияга санкция киргизуудо. Кайсы укугуна таянып?!! Анда ВТО Американы мучолуктон чыгарсын!!! БУУ, МВФ, ВТО ж.б.уюмларды жоюп салуу керек, алар Американын козун караган марионетка уюмга айланып калышты...
+5
Kosmos2013
2018-05-18 10:03:19
Америка бирди коросунор
0
iasin
2018-05-18 10:09:16
Аллах ыраазы болсун урматтуу Эрдоган. Карагылачы бул инсан дуйнолук мусулмандарды корго саясаттары менен журот. А биздин саясатчылар ЖЭБдин саясатынан чыгалбай жатышат.. Уят эле иш
+6
Hanzada.sabih
2018-05-18 10:14:16
БУУ дуйного лидер беш олконун ыплас иштерин уюштуруу учун тузулгон
+1
Arsenal93.
2018-05-18 12:33:36
Эрдоган жон эле президент эмес чыныгы мусулман экен мусулмандар учун куйгон жалгыз лидер.
+3
Arsenal93.
2018-05-18 12:34:52
Башка мусулман олколордун башчылары деле колдоп койсо болмок палестинадагы мусулман бир туугандары баштарын кумга тыкпай
+1
asha302
2018-05-18 16:21:52
Arsenal93.,Ошо да ага караганда Евро биримдик канча жардам беришти. Качкын мусулмандар болсо Европага барып алып Европанын кыздарын зордуктап атышат өзүлөрүнүн абийирсиздигин көрсөтүшүп
-2
Syimyk.isaev
2018-05-18 12:53:43
Тынчтык болсун дуйнодо...
0
asha302
2018-05-18 16:19:31
Батышка рахматын айтышсын ушу мусулман качкындар анткени аларга баш калкалаганга жай берип жатышат. Ал эми ОАЭ, Сауд Арабиясы бок да кылган жок качкын мусулмандар учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан