Кыргыз өлкөсүнүн сиз көрө элек сулуулугу сүрөтчүнүн камерасында катылган

Кыргыз өлкөсүн сүрөт аркылуу океандын ары жагына чейин тааныткан фотографтардын көбөйүп баратканы кубандырат. Дүйнөнү түрө кыдырып, жаратылыштын кооздугун даңазалаган сүрөтчүлөрдүн бири Денис Французов. Орусиялык сүрөтчү Кыргыз жергесине келип, жети дубандын тоолорун, түздөрүн, шаркыраган сууларын камерасынын объективине түшүрүп кеткен. Эмесе, сүрөтчүнүн эмгегине көз чаптырыңыз.

"Мен дайыма өзгөчө аймактарды тартууга кызыгам. Бирок эл көп жүргөн жерди жаман көрөм. Ошондуктан кароосуз калган жайларга, алыскы аймактарга барам. 2016-жылдан тарта жубайым, уулум менен Орусия жана СССРдин курамына кирген мамлекеттерге саякатка чыгып баштагам", - деген ал.

Анын Кыргыз өлкөсүнө болгон саякаты кандай өткөнүн сүрөттөрдөн баамдаңыз.

Денис Французов Кыргыз жергесинин көлдөрүнүн, суусунун тунуктугун, тазалыгын сүрөт аркылуу башкаларга жеткире алган.

Белгилей кетсек, Денис Французов 1983-жылы Орусиянын Ставрапольск кыштагында төрөлгөн. Учурда "Vintage" компаниясында иштейт. Аны менен катар эле үй-бүлөсү менен жер шарынын ар кайсы бурчуна барып, сүрөткө тартат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
salimbek87.kg
2018-05-18 11:07:51
Кереметтү Кыргызстаным көз тийбесин.
+26
Azatbek.Svoboda.
2018-05-19 00:50:27
salimbek87.kg,Кытайлардын көзү тийбесин!
+6
Pamirlan
2018-05-18 11:13:06
Кереметтуу мекеним. Туболук тур
+14
Isco22
2018-05-18 12:11:17
Канат Шарипбековдон калат экен
0
Kany096
2018-05-18 13:10:03
Эхх ушундай керемет жерде жашаганыма сыймыктанам
+8
Zainidin96
2018-05-18 13:31:58
Тилеке каршы чондор бузуп жатат мындай кооз жерлерибизди
+9
Asko777
2018-05-18 16:13:45
Сонун баары. Бул жерге жазууга аргасызмын. Өзбекстанга убактылуу берилген жерлерди алалбай жүрсөк, дагы жайлоолорду бергени не деген жорук? Мисалы суу сактагычтар
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-05-19 00:51:57
Asko777,Ала-Букада Орто токой суу сактагычын касансай суу сактагычы деп алышкан!
+2
surgeon777
2018-05-19 14:14:42
HOTEL дегени жакты))
Минтип чет жерге тааныштырып жатканы го жакшы,бирок алар коз артып башка бир аракеттерди корбойт деп ким кепилдик берет..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан