Бүгүн, 24-июнда саат 06:59да Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул боюнча орто азиялык сейсмология борбору билдирди. Жер титирөөнүн очогу Балыкчы шаарынын 32 чакырым түштүк тарабынан орун алды. Жер титирөөдөн жапа чеккендер болгон жок.