Англиялык 29 жаштагы Сара Брамли аттуу аял адамды азгырууга айыпталып, сот жообуна тартылууда. "Ал өзүнүн мурунку жигити Дэвид Сондерске жаңы сүйгөнү Майкл Лоусон менен "жылуу мамиле" учурундагы сүрөтүн жөнөткөн", - деп бул окуя тууралуу жазылат чет элдик басылмаларда.
Маалыматка ылайык, сүрөттү көргөн Дэвид Саранын жаңы сүйгөнүн өлтүрүп коюп, камакка алынган. Дэвидди суракка алган учурда Саранын 2 жигит менен тең мамиле түзүп, мезгил-мезгили менен биринен экинчисине өтүп, аларды кызгандырып жүргөнү белгилүү болгон. Иликтөө учурунда Дэвиддин бул айткандары аны, албетте, актаган эмес, сот аны өмүр бою эркиндигинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Бирок иликтөө иштери бул менен эле токтогон эмес, окуяга себепкерди да жазага тартуу каралган.
Майкл Лоусон каза болгондон кийин Сара Брамли Австралияга кетип калууга үлгүргөн. Ал бул окуяга эч кандай тиешем жок деп түшүнөрүн да билдирген. Полиция аны кармап келгенден кийин тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында, Сара мурдагы жигитине Майкл Лоусон менен түшкөн сүрөттөрдү жиберип гана чектелбегени аныкталган.
"Ал Дэвидге сүйгөнү менен кайсы даректе жүргөнүн да жазып, анын намысына тие турган сөздөрдү айтып, сүйгөнүмө кол сал деп сунуштаган. Буга чейин анын дал ушундай эле аракеттеринен Дэвид Майклдын унаасын талкалап салган. Мындан кийин 2 жигитин чатакташтырууга түрткөн аял токтоп калбай, адам өлүмүнө алып келген. Азырынча ага карата соттун чечими чыга элек", - деп жазылат маалыматта.