Бүгүн британиялык ырчы жана аткаруучу Сэм Смит (толук аты-жөнү Сэмюэл Фредерик "Сэм" Смит) 27 жашка толду. Ал 1991-жылы 19-майда Лондондо төрөлгөн.
Апасы Кейт Кэссиди банк кызматкери болгон. Бирок баласынын музыкалык билим алуусуна жетиштүү убакыт бөлүү үчүн жумуштан кеткен.
Сэм Смит орто мектепте окуп жүргөндө жаштар музыкалык театрына барып кошумча билим алган. Бирок белгилүү композитор Жоанна Иденден вокал боюнча сабак алып, фортепианодо ойноо үчүн театрдан кетип калат. Музыкалык билим алуу менен катар Лондондогу барда бармен болуп иштеген. Музыка дүйнөсүнө аралашуу үчүн акча топтоп, бир нече менеджерлерди издеген. Бирок жыйынтык болгон эмес.
Музыка дүйнөсүндө ийгиликке жетпейм деп көңүлү сууп калган ырчыга ийгилик жылмайган. Тактап айтканда, 2013-жылы жарыкка чыккан "Lay Me Down" чыгармасы "Disclosure" дуэтине жагып калат. Аталган топ Сэм Смит менен "Latch" чыгармасын жаздырып, бул композиция британиялык чарттан 11-орунду ээлеген.
Ушундан кийин белгилүү актаруучу Naughty Boy (Шахид Хан) менен иштешип, "LaLaLa" деген хит чыгармасын күйөрмандарына тартуулайт. Бул ырга тартылган клип 200 миллион ирет каралган.
2013-жылы жылдызы жанган Сэм Смит алгачкы ыр жыйнагын чыгарат. Анын ыр топтомдору Европа, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хитине айланат.
2017-жылы "Too Good аt Goodbyes" чыгармасы Британиянын күмүш синглы деп табылган. Ушул эле жылы Сэм Смиттин "The Thrill Of It All" альбому жарыкка чыгып, 60 өлкөгө тараган. Альбомго болгон суроо-талап көп болуп, 230 миңден ашуун нускасы сатылган.
Атактуулуктун туу чокусуна жеткен Сэм Смит: "Мен Орусияны жек көрөм. Ал өлкөгө эч качан барбайм. Ал жакта кумсаларга өтө начар мамиле жасайт. Ал нерсе менин жинимди гана келтирет", - деп билдирген. Анткени ырчы эркек киши менен мамиле куруп келет.
19-майга карата жылнаама.