Кыргыз улуттук драма театрынын 92-театралдык сезону 31-майда жабылат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 92-театралдык сезонун 31-майда жабат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Кыргыз улуттук академиялык драма театры - кыргыз театрларынын сап башында турган, миңдеген "мен-мен" деген залкарлардын изи калган өнөрдүн куттуу өргөөсү. Театр өзүнүн 90 жылдан ашуун тарыхында улуттук драматургиянын мыкты үлгүлөрүнөн тартып дүйнөлүк классикалык чыгармаларды сахналаштырып келет.

"Академиялык драма театр жыл сайын театралдык сезонун салтанаттуу түрдө ачып, майрамдык маанай менен жабууну салтка айландырган. Быйыл 92-театралдык сезонун 24-25-майда 18:00дө боло турган Т.Жуженоглунун "Бейтааныш" жана Индия элинин "Рамаяна" аттуу улуу эпосторунун биринин негизинде жазылган Бактыгүл Чотурованын калемине таандык, режиссёр, театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров сахналаштырган "Рамаяна" спектакли менен 30-31-майда саат 18:00дө жабат", - деп билдирди театрдан.

Ал эми 93-театралдык сезон 2018-жылдын күз айларында ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан