Мьянмадагы жагдайга байланыштуу тез арада тергөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Бангладеш менен Мьянмага барганда айтышты.
Дүйнөлүк басылмалардын жазганына карганда дипломаттар Мянмадагы жергиликтүү бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Мындан сырткары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Бангладеште жайгашкан “Кокс Базар” качкындар лагеринде кармалып турган рохинжа мусулмандарынан кабар алышты. Анда Мьянмадан келген миңге жакын рохинжа мусулмандары жашап келет.
Дипломаттар качкындардын кыйынчылыкта өмүр сүрүп жатканын өз көздөрү менен көрүп, жергиликтүү бийликти алардын өз өлкөсүнө кайтуусуна шарт түзүүгө чакырышты.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 25-августунда башталган Мьянманын өкмөттүк күчтөр менен рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан 400дөн ашуун адам каза болуп, 670 миң рахинжа мусулмандары жер которууга аргасыз болушкан.