Аксы районунда каада-салттагы ашыкча ысырапкорчулукка тыюу салынууда
Жергиликтүү бийлик жана дин ишмерлеринин аракети менен Жалал-Абаддын Аксы районунда каада-салттагы айрым жөрөлгөлөргө тыюу салынууда. Мисалы, бирөө көз жумса, каза болгон адамдын үйүндөгү аялдарга жакын санаалаш аялдардын көйнөк, жоолук алып барып кийгизүүсүнө чек коюлууда. Мал союп маркумдун кыркылыгын өткөрүүгө да тыюу салынып жатат. Мындай демилгенин максаты - ашыкча ысырапкорчулукту жок кылуу. Акимчиликтен билдиргендей, бул идея райондун бир топ айылдарында ийгиликтүү ишке ашып баштады.