"Челси" командасы Англиянын кубогун багындырды

2017-2018-жылдагы Англия кубогун Челси футболдук клубу жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 19-майдан 20-майга караган түнү Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда финалдык беттеш орун алды. Финалда кубок үчүн Англиянын атактуу клубдарынын "Челси" менен "Манчестер Юнайтед" командалары ат салышты. Биринчи бөлүктүн 21-мүнөтүндө "Челси" командасынын чабуулчусу Эден Азардын чабуулун "Манчестер Юнайтед" жаатынын оюнчусу Фил Жонс эреже бузуу менен токтоткондуктан, калыс 11 метрдик айып тобун белгилеген. 11 метрлик соккуну Эден Азар ийгиликтүү ишке ашырып, каршылашынын дарбазачысы Давид де Хеадан мыкты болуп чыкты. Эсеп сандары 1:0, асман түстүүлөр алдыда. Оюндун экинчи бөлүгү "Манчестер Юнайтед" командасынын үстөмдүгүндө жүргөнү менен оюндун аягына чейин гол катталган жок. Оюндагы жалгыз гол менен "Челси" командасы чемпион аталды.

"Челси" командасы Англия кубогун өз тарыхында 8-ирет утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2018-05-20 13:53:26
Чет элдик басылмалар жазып чыгышты деп,как будто секретный жерде болгонсуп,уверенно эле женип алды-деп жаза бергиле бироого таянбай.
А оюнга келсек кызыктуу оюн болду.2-таймда Юнайтед катуу киришти,бирок гол киргизе алышпады.
0
marat_1910
2018-05-20 15:18:39
айнтрак баварияны кандай гана ит кылды
-2
Dembele84
2018-05-20 16:28:21
marat_1910,Айнтрахт
+2
Modric10
2018-05-20 18:02:31
marat_1910,мага дагы жакты ошол жениш
-2
FCB14
2018-05-20 21:45:23
Админ Эрбол Атабаев жонундо маалымат берип койгулачы,Барселонанын спорт мектебинде тарибяланат элего.
0
Burubek
2018-05-21 01:05:58
FCB14, азыркы учурда Барселона шаарында жергиликтүү клаубтардын биринде жаштар командасында ойнойт. Аны менен кошо дагы бир канча кыргызстандык казакстан дык балдар бар. Инстаграмм баракчасынан кирип өзү менен байланышсаңыз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан