ЖКда кытай жүк ташуучу унааларына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө уруксат берүү маселеси каралды
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аймагына кытай жүк ташуучу унааларынын кирүүсүнө тыюу салууну алып салмакчы. Бул боюнча тиешелүү токтом ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде жактырылды. КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, кытай жүк ташуучу унааларынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салууну алып салуу керек. Себеби аталган тыюу салуу кыргыз-кытай макулдашуусуна карама-каршы келет жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизип жатат. Эске салсак, парламенттин чечими менен үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан баштап кытай жүк ташуучу унааларынын республикабыздын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган. Мындай чечим ата мекендик жүк ташуучу унааларга суроо-талапты жогорулатуу максатында жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.