Украинанын Харьков шаарында 18-20-май күндөрү болуп өткөн эл аралык "Живая вода" сынагында Кыргыз өлкөсүнөн барган таланттар жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңүүчүлөрдүн бири, жаш ырчы Мыктыбек Нурланбеков билдирди.
Маалыматка караганда, сынактын талабына жараша украин тилинде жана грузин тилинде эки чыгарма аткарылган. Кыргыз мамлекетинен барган "Раф ретро" ансамбли баш байгени багындырган. Ошондой эле ансамблдин мүчөлөрү сынактын өз-өзүнчө ырдоо боюнча өткөрүлгөн бөлүгүнө катышып, 21 жаштан 40 жашка чейинки бөлүктө Мыктыбек Нурланбеков жана Атай Балбаковдор 1-орунга татыган. 20 жашка чейинки бөлүктө Айбек кызы Тамгагүл 1-орунду ээлесе, 21-жаштан 40 жашка чейинкилер арасында Биназир Аблаева 2-орунду камсыздаган.
"Живая вода" сынагына Кытай, Молдова, Ливан, Украина жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 40 ырчы катышкан.