Индиянын Мадхья-Прадеш штатында жергиликтүү эл 45 жаштагы тикмечини уй сойгондугу үчүн ур-токмокко алган. Жыйынтыгында ал каза болду. Мындай маалыматты батыш маалымат басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аталган штаттын Сирадж Хан аттуу жашоочусу мусулман болгон. Аны жергиликтүү тургундар уйду өлтүргөндүгү үчүн ур-токмокко алган. Тикмечи алган жаракатынан улам каза болгон. Топтолгон эл Сирадж Хандын Шекил Маклуб деген досун дагы сабашкан. Ал оор жаракаттан улам ооруканага жеткирилген.
Териштирүү иштеринин натыйжасында Сирадж Хандын өлүмүнө тиешеси бар деп 4 жаран кармалган. Ошондой эле полиция кызматкерлери окуя болгон жерден уйдун этин табышкан.
Белгилей кетсек, индустар уйду ыйык жаныбар деп тутушат. Мадхья-Прадеш штатында уйду өлтүргөндөр 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми Индиянын айрым штаттарында мындай кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратылат.