Футбол: Кыргыз курамасынын коргоочусу Валерий Кичин ойногон "Енисей" командасы Орусиянын Премьер Лигасына чыкты

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн коргоочусу Валерий Кичин ойногон "Енисей" клубу тарыхында алгачкы ирет Орусиянын Жогорку Лигасы - Орусиянын Премьер Лигасына чыкты. Премьер Лигага чыгуу үчүн эки беттештен турган оюнда "Енисей" Махачкаланын "Анжи" клубу менен кез келип, алкачкы беттешинде 3:0 эсебинде жеңип алган. Жооптук оюн майдын 20сынан 21ине караган түнү орун алып, анда "Анжи" 4:3 эсебинде жеңишке жеткен. Жалпы эсеп 6:4, "Енисей" тарыхында алгачкы ирет Жогорку Лигага аттанды.
Ал эми Кичин эки оюнда тең 90 мүнөттөн оюн өткөргөн.
Ал эми бул сезонду Орусиянын Жогорку Лигасында өткөргөн "Анжи", келерки сезондо өз күчүн Биринчи Лигада сынайт.
Эки беттештен турган дагы бир оюнда "Амкар" "Тамбовду" эки ирет (2:0, 1:0) жеңип Премьер Лигадагы ордун сактап кала алган.

Буга чейин Премьер Лигадан "Тосно" жана "СКА-Хабаровск" клубдары кетип, алардын ордуна Орусиянын улуттук лигасында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген "Оренбург" менен "Крылья Советов" клубдары түз чыккан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2018-05-21 09:43:12
Аленичев тренер болуп келип бир жылда премьер лигага алып чыкты.
-1
pyeon hwa
2018-05-21 09:49:43
Кичин кыргыздар учун ойнобойм деп журду беле??
0
Ka4okrys
2018-05-21 10:45:43
Кичин баш тарткандан кийин Кыргызстан Азияга чыкты кайра ойнойм деп албаса болду
-5
a.sheralievic.91
2018-05-21 11:10:29
Кичин предатель
-1
Meni_unut
2018-05-21 12:45:04
Валерий кичин эркек эмес экен негизи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан