Британиянын ханзаадасы Гарринин үйлөнүү үлпөтүнө анын мурдагы сүйлөшкөн кыздары келген. Бул көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууланууда.
Белгилүү болгондой, ханзаада Гарри үлпөт тойуна мурда сүйүү мамилесин курган 3 кызды чакырган. Бирок дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурган тойго 32 жаштагы Челси Дейви жана 29 жаштагы Крессида Бонас келген. Челси Дейвинин капалуу отурган сүрөттөрү "Сенин мурдагы сүйүктүүң үйлөнүп жатканда" же "Меган Марклдын ордунда мен болушум керек!" деген билдирүүлөр менен социалдык тармактарга жайылган.
Белгилей кетсек, Челси Дейви менен ханзаада Гарри коңшу мектепте окуп, бири-бирин бала кезинен эле таанычу. Алардын сүйүү мамилеси 2004-жылы ханзааданын Африка өлкөсүнө кайрымдуулук иш сапарына барганда башталган. Алардын мамилеси 2010-жылга чейин уланган. Учурда Челси Дейви Британиянын мурдагы маданият министринин уулу менен сүйүү мамилесин куруп келет.
Ал эми актриса, бийчи Крессида Бонас ханзаада менен 2012-жылы мамиле курган. Алардын сүйүү романы 2 жылга созулган. Актрисанын көзүнө жаш тегеренип, тойдо көңүлсүз отурганын чет элдик басылмалар жазып чыккан.