19-20-май күндөрү Топ-Лиганын 9-турунун оюндары өттү.
"Кара-Балта" - "Дордой" беттеши 0:6 эсебинде аяктады. Голдорду Карлос Осей (10, 52’), Ислам Шамшиев (40’), Кайрат Жыргалбек уулу (49’), Бекжан Сагынбаев (63’) жана Азиз Сыдыков (81’) киргизген.
"Абдыш-Ата" - "Илбирс" беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Голдорду Эржан Нурбеков (77, 0:1), Но Келвин Инкум (90+3, 1:1) киргизген.
"Академия" - "Нефтчи" оюну 1:2 эсебинде аяктаган. Голдорду Эламан Мамытов (12, 1:0) Алишер Тухтасинов (44, 1:1), Алимбек Абдакимов (88, 1:2.) киргизген.
"Алга" - "Алай" 1:1. Голдорду Илхом Камилов (70-мүнөттө өзүнүн дарбазасына, 0:1), Темирболот Тапаев (79, 1:1) киргизген.
Айта кетсек "Алай" футболдук клубуна 6 беттеште техникалык жеңилүү эсептелгенине байланыштуу, 9-турдан кийин "Алга" сап баштап келе жатат.
Турнирдик тизме: