Индияда жол кырсыгынан 11 адам каза болду

Индияда 30га жакын жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, кырсыктан 11 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал маалыматтарга караганда, 20 адам ар кандай жаракаттарды алган. Окуя бүгүн, 21-майда эртең менен Мадхья-Прадеш штатындагы Агра менен Мумбай шаарларын байланыштырган жолдо болгон. Жүргүнчүлөрү менен бара жаткан автобус жолдун четинде турган жүк ташыган унаага барып урунган. Окуя болгон жерде 8 адам каза болуп, 3 адам ооруканадан көз жумган.

Жалпысынан Индияда статистика боюнча, жол кырсыгынан күн сайын 400гө жакын, ал эми жылына 150 миң адам каза болот. Ага өлкөдөгү жолдун сапатсыздыгы жана айдоочулар унааларын жогорку ылдамдыкта айдаганы себеп экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BoDiNur
2018-05-21 23:38:31
Аябай эле коп адам олот экен
+1
aman0296
2018-05-22 00:28:42
Шумдук статистикаго
+1
asanaliev.s
2018-05-22 03:19:30
Аллах сактасын кырсыктан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан