Мексикалык 70 жаштагы кемпир кош бойлуу экенин айтып чыкты

Мексиканын Мария де ла Луз аттуу 70 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 6-айында экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Мария де ла Луз жергиликтүү кабарчыларга кош бойлуу экенин билдирип, ал тургай УЗИден өткөн сүрөттөрүн да көрсөткөн. "Мен УЗИден өткөндө дарыгерлер ымыркай кыз экенин айтышты", - деген ал.

Мария де ла Луз мындан 3 ай мурда кош бойлуулуктун белгилерин байкаган. Мындан улам менчик жана мамлекеттик ооруканаларга бир нече ирет кайрылып, текшерүүдөн өткөн. Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин анын кош бойлуу экени аныкталган. Бирок ал жасалма жол менен же табигый жол менен кош бойлуу болгонун ачыктаган эмес.

Белгилей кетсек, Мария де ла Луздун 6 баласы бар. Анын балдары апасы ымыркай төрөө үчүн карылык кылат дешкен. Ал эми дарыгерлер Мария де ла Луз кесарево жолу менен төрөй турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurmuhammed2016
2018-05-22 11:23:56
Эми олдуго
-7
asanaliev.s
2018-05-22 11:23:56
Кудай берем десе ушинтип эле берип койот екенда. Аман эсен тороп алсын.
+21
Dalil
2018-05-22 11:34:39
Кызынын бактысына кемпирге узун өмүр берсин.
+12
Okunboim.
2018-05-22 11:58:38
Жетимишгул) омуру мн берсин)
+11
Jelezo
2018-05-22 12:13:04
Баатыр эне деп ушуну айтыш керек,абышкасына да узун өмүр
+7
Zainidin96
2018-05-22 12:42:03
Жасалма жол менен уруктандырганбы ошондо кызык екен абышкасынын суроту жокпу
+1
bond02
2018-05-22 13:40:53
Орт кемпир экен го.
+3
fantomas
2018-05-22 13:55:17
Менимче жасалма жол менен уруктандырган да болушу мумкун...
+1
Nevestkaa
2018-05-22 19:50:43
fantomas,ошон үчүн сыр тутат да болбосо башында эле айтмак табигый жол мн деп.Төрөшү төрөп алып сүт чыгат экенби эми.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан