Бала төрөөгө тыюу салынган аралда 12 жылдан кийин биринчи ирет наристе төрөлдү

Бала төрөөгө тыюу салынган Фернанду-ди-Норонья аралында 12 жылдан бери алгачкы ирет ымыркай төрөлдү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган аралдын 22 жаштагы тургуну кыз төрөгөн. Ал ай-күнү жетип, төрөтү башталып калганын билген эмес. Ага жолдошу жардамга келип, үй шартында төрөтүп алган. Аман-эсен төрөлгөн ымыркай Фернанду-ди-Норонья аралындагы медициналык жайга жеткирилген.

Белгилей кетсек, аталган арал Бразилиядан 350 километр алыстыкта жайгашкан. Фернанду-ди-Нороньяда төрөткана, төрөт бөлүмү, ал тургай акушерлер жок болгондуктан кош бойлуу аялдарды Бразилиянын шаарларындагы жибергенге мажбур болушкан. Ошондой эле аралдын жашоочуларынын саны кескин өсүп кетпеш үчүн дайыма тыкыр көзөмөлгө алынып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pamirlan
2018-05-22 14:30:26
Эмнеге торосо болбойт, тушунбодум. Толук жазсанар
-2
Gena1
2018-05-22 14:36:29
Pamirlan, тургундардын саны осуп кетпеши учун торогонго тыюу салынган экен. Мен ушундай тушундум.
+9
Batma08
2018-05-22 15:19:09
Gena1,адашым минус басып алдым
Менда ошондой тушундум
+5
Adil706070
2018-05-22 15:10:24
шаарларына десенер туура болчудай мааниси
-2
Гүлзахира Дөөлөталы кызы
2018-05-22 16:23:48
Adil706070, Ал аралдар топтому, борбордон өтө алыс, төрөткана жок болсо, демек, шаар аталбайт
+4
Dembele84
2018-05-22 15:20:00
Биз кырыгздар кобойо албай жатсак )))
+5
Fortuna1987
2018-05-22 21:37:29
Эми кызын колуна берип жоопко тартылбаса экен. Балалуу болбой жашоонун манызын тушунбой кеткендери жаман экен аралдын жашоочулары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан