23-май күнү саат 15:00дө SUPER.KG порталынын Түз эфиринде мектепти 30 жыл мурун аяктаган эстрада ырчысы Лира Райымбекова, 20 жылдыгын белгилеп жаткан ырчы Замир Арыкбаев жана мектеп уясынан учканына 10 жылдын жүзү болгон ырчылар Аваз Акимов менен Нурлан Насип конокто болот.
Лира Райымбекова "Үч-Теректин үч кызы" деген топ аркылуу таанылган. Ал 1971-жылы 10-январда Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда эмгектене баштаган. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", "Жан сырым" деген ырларды аткарып, эл оозуна алынган.
Фольклор жана эстрада ырчысы Замир Арыкбаев 1981-жылы 17-январда Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу.
Ырчыларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Сиздин суроолоруңузга SUPER.KG порталынынТүз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.