
Шотландиялык окумуштуулар түнкү жашоо образынан жүрөк гана эмес, мээ да жабыркарын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Листер атындагы профилактикалык медицина институтунун окумуштуулары түнкүсүн уктабай жүрүү психиканын оор жапа чегүүсүнө жана депрессиянын оор түрүнө алып келерин аныкташкан. Окумуштуулар изилдөө учурунда 37 жаштан 73 жашка чейинки 90 миңден ашуун британиялыкты сурамжылоого тарткан. Алар уйку учурунда тынчтыктын бир аз эле бузуулусу психикалык бузулууларга алып келерин аныкташкан.
Мындан сырткары окумуштуулар түн ичинде ар дайым активдүү болуу мээнин билүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп гана тим болбостон, анын айрым бөлүктөрүнө оор залакасын тийгизип, биполярдык кайгыруу деген дарт сыяктуу ооруларды чакырарын аныкташкан.