Индонезияда 16 жаштагы өспүрүм смартфон үчүн үйүн өрттөп жиберди

Индонезиянын Жамбон районунда 16 жаштагы өспүрүм ата-энесине ачууланып, жашап жаткан үйүн өрттөп салган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, өспүрүм ата-энесине жаңы смартфон сатып бергиле деген. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенгендиктен, бир аз убакыт күтө туруусун суранган. Мындай жоопко ачуусу келген өспүрүм ашканадагы тактаны күйгүзүп жиберген. Жалын бат эле күч алып, жыйынтыгында үй толук бойдон күйүп кеткен.

Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми өрттөн келип чыккан чыгаша 5 миң доллардан ашкан.

Полиция кызматкеринин айтымында, өспүрүм мындай жорукту биринчи жолу жасаган жок. Ал буга чейин ата-энесине "мотоцикл алып бербесеңер, силерге кол салам" деп коркутканын кошумчалаган. Учурда өспүрүм убактылуу камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Abdullatif
2018-05-23 14:41:32
Даана го
+1
Okunboim.
2018-05-23 14:42:50
Abdullatif,наадан эмеспи?
+7
Abdullatif
2018-05-23 14:50:25
Okunboim.ошентсе деле болот
+1
Meni_unut
2018-05-23 15:27:43
Кимге кыйын? Кайра эле ата-энесине кыйын
+4
sabirdinovich
2018-05-23 16:37:01
Өзүнүн үй-бүлөсүнө эле минус болот, аны ойлогон жок да
+2
Chagylgan1
2018-05-23 17:05:43
Акмак экен... Мындай бала ата-энесине жолок эмес, кайра жук...
+4
Nevestkaa
2018-05-23 19:52:21
Ушундай баладан кудай сактасын,бала берсе да акыл эси ыйманы өмүрү бакты мн берсин экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан