Назаркул Ишекеев Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ишекеев буга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору болуп эмгектенип келген.