Кыргызстанда орус тилдүү мектептерде окуган окуучулардын саны учурда 280 000 же өлкөдөгү жалпы окуучулардын 28 пайызын түзөт. Бул сан жыл сайын 5-6 миңге көбөйүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө боюнча орус тилдүү 203 мектеп бар. Ошондой эле 400 мектепте орус тилдүү класстар бар. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча орус тили жана орус адабиятынан сабак берген 7000 мугалим иштейт.