Илимпоздор мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу коркунучун төмөндөтө турган азыкты тапты

Күнүнө жок дегенде бир жумуртканы жеп туруу жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтарын кытай жана британ окумуштуулары билдиришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө 30 жаштан 79 жашка чейинки 416 миң Кытайдын жашоочусу катышкан. Соңку төрт жыл аралыгында изилдөөгө катышкан каалоочулар, жумуртканы канчалык көп жеп турарын билдирип турушкан. Ал эми алардын ден соолугуна дарыгерлер байкоо жүргүзүп турган. Натыйжада жумасына бештен аз эмес жумурка жеп тургандар 2ден жегендерге караганда геморрагиялык инсульттан 28 пайызга, жүрөк-кан тамыр ооруларынан 18 пайызга аз көз жумушкан. Ошондой эле жумуртканы сүйүүчүлөр башкаларга салыштырмалуу жүрөктүн ишемия оорусунан 12 пайызга аз жабыркай турганы аныкталган.

Буга чейин америкалык илимпоздор жумасына 2 порция балык менен тамактануу инфаркт же болбосо жүрөктүн башка оорулары алып келүүчү эрте өлүмдөн сактай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sabirdinovich
2018-05-23 16:11:54
Абдан жакшы макала экен, ден-соолук жөнүндө дагы көп-көптөн жазып турсаңыздар
+2
Meni_unut
2018-05-23 16:39:24
Жумуртка коп жениздер
+2
tttalant
2018-05-23 21:11:29
Мен жумасына 6-7 жейм уйдо тоок бар жакшы кенеш экен рахмат..бирок конулго тийип калат коп жесен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан