Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

КРнын ИИМинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы райондордун биринин Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы ачылды. 2011-жылдын ноябрь айында Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан ишкерлик жүргүзүүгө багытталбаган "М" ЖЧКсы каттоодон өткөн. Кийинчерээк маалым болгондой, белгисиз жаран тарабынан каттоого берилген документтер жасалма болуп чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, каттоого берилген 1986-жылы туулган адамдын паспорту башка бир жарандын атына берилип, мурда эле каттоого алыныптыр. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан пайдалануу) жана 350-беренеси (жасалма документтерди даярдоо, сатуу, колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан