АКШнын Нью-Йорк шаарында жубайлар 30 жаштагы уулун үйүнөн көчүп кетсин деп сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарында жубайлар 30 жаштагы Майкл Ротондо аттуу уулу ушул убакытка чейин алардын үйүндө, алардын каражатына жашап жүргөнүн, жумуш таап, батир жалдап көчүп кет дешкенине көнбөй жатканын айтып сотко кайрылышкан. Алар сотто 30 жаштагы уулуна жадакалса ижарага батир алганга акча да беришкенин, бирок ал алардын акчасын алып көчпөй койгонун айтышкан. Ошондой эле сотко баласына көчүп кетүүсүн өтүнүп жазган каттардын көчүрмөсүн беришкен. Сот алардын өтүнүчүн карап, айрыкча үй-бүлөлүк бюджетке Майкл Ротондо эч кандай салым кошпой турганын билген соң аны ата-энесинин үйүнөн тез арада көчүп кетсин деп өкүм чыгарган. Буга Майкл каршылык көрсөтүп, мыйзамга ылайык, бир жерден экинчи жерге көчкөндө 6 ай мурун эскертилиши керек экендигин айтып, баш тарткан. Бирок сот ага жалкоолонбой мыйзамды окуп чыкканын айтып мактап, бирок өз өкүмүн өзгөрткөн эмес. Мындан соң Майкл журналисттерди чакырып, сот ага карата мыйзамсыз чечим чыгарганын айтып чуу көтөрүүгө аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.