Чүй облусуна караштуу ГЭС-3 аймагынан, тактап айтканда, таштандылар үйүлгөн жерлердин биринен мина табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Мина табылгандыгы тууралуу Аламүдүн ИИБине “Чакан-ГЭС” ишканасында айдоочу болуп иштеген жаран маалымдаган. Минаны жок кылуу үчүн атайын адистер чакырылган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.