"Алайдын" оюнчусу Алиа Силла Топ-Лиганын алкагында 10 оюндан четтетилди

Футбол федерациясынын тартип боюнча комитетинин чечими боюнча, "Алай" клубунун футболчусу Алиа Силла Топ-Лиганын алкагында 10 оюндан четтетилди. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майдагы отурумда "Алга" менен "Алайдын" беттешинде коомдук тартипти көзөмөлдөөдө тийиштүү чараларды көрбөгөнү үчүн "Алга" клубуна 50 миң сом айып салынды.

Ошондой эле беттеште башкы калыстык милдетти аткарган Тимур Файзуллинди Топ-Лиганын беттештеринде калыстык кылуудан быйылкы сезондун акырына чейин четтеткен.

Айта кетсек, 20-майда Кант шаарында Топ-Лиганын 9-турунун алкагында "Алга" жана "Алай" командалары кез келген. Оюн учурунда футболчулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Алиа Силла кызыл айып кагазын алып оюнду таштап кетүүгө аргасыз болгон. Оюндан соң коноктогу клубдун оюнчусу Силла футбол көрүү үчүн келген адамдар менен келишпестиктерден улам чатакташып кеткени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chagylgan1
2018-05-24 20:02:14
Мындай Футбол Федерациясын жоюп салуу керек!!! Токмоктогонунар аздык кылдыбы?!!

Ал эми Алганы болгону 50 мин сомго жазалаптыр. Уят да. Эмнеге Алгага 10 оюнга проигрыш бере албайсынар, 50 мин сом ордуна?!! Корунуп турат кандай иштеп жатканынар силердин.

Мындай Футбол Федерациясынын иштоого моралдык укугу жок.

Прокуратура каякты карап отурат озу?!!
+7
Chungyz
2018-05-24 20:16:34
Сапарды карап турат
-1
dosym
2018-05-24 20:51:24
Алайдын тренерин кетириш керек, Немат быйыл эл аралык мелдештерде бир да жеңе алган жок, Кыргызстандын аброю түшүп жатат
+7
FCBMESSI
2018-05-24 23:09:21
50мин деп жазбайле койбоптур болбогон сумма
+2
ABIL
2018-05-25 17:31:14
Алай сила и без алии силлы.алга Кыргызстан!футболдо болуп турат мындай корунуш.талашканынар кайыш топ болсун жигиттер.советтен саламалейкум э)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан