24-июнда "Мекен шейиттери" уюмунун өкүлдөрү "ата журтчу" 3 депутатты актаган судьялардын үйүнүн дарбазасына "соттор сатылды" деп жазбаганын айтышты. Айта кетсек, уюмдун мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун акталышы туура эмес экендиктерин билдиришти. "Соттордун үйлөрүндөгү жазууларды бизди жазды деп доомат коюп жатышат. Бул жөн гана бизге каршы болгон адамдардын иши",- дешет алар.