Өкмөткө караштуу кызматты мамлекеттик орган деп атаган жетекчи сынга кабылды

Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын милдеттери тууралуу мыйзам долбоору каралды. Депутаттардын суроолоруна аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев жооп берди. Анын айтымында, буга чейин бул кызматтын мыйзамдары болгон эмес.

Бирок өзү иштеген кызматты мамлекеттик орган деп атаганы үчүн депутаттардын сынына кабылды.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жамгырчиевди: "Мыйзам долбоорунда мамлекеттик орган деп жазыптырсыңар. Мамлекеттик орган деп БШК, Эсептөө палатасы, Башкы прокуратура саналат. Силердики өкмөттүн алдында болгону үчүн кызмат болот", - деп сынга алды.

Андан кийин депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорунун так максаты жазылбаганын, берилген суроолорго жеткиликтүү жооп бере албаганы үчүн сынга алды.

Депутат Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберүүнү сунуштап, депутаттар колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gute
2018-05-24 16:39:46
Элементарный нерсени билбегенден кийин эмне отурат тултуюп. Дипломду сатып алып акчанын кучу менен кызматка келген неме да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан