Малайзиянын жургүнчү учагына тийген ракета Орусияныкы болгон. Мындай бүтүмдү Эл аралык иликтөө тобу бүгүн 24-майда жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык изилдөө тобу 2013-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системи Орусиянын №53-зениттик-ракеталык бригадасынан келгенин Нидерланды улуттук иликтөө департаментинин башчысы Вилберт Палуссен билдирди.
Ал өз сөзүндө: "Бизде бүгүнкү чыгарылган жыйынтык боюнча дагы жетиштүү далилдер жана маалыматтар бар. Бирок биз аларды азырынча элге жарыялабайбыз", - деди.
Ошондой эле иликтөөнүн курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинанын адистери кирген.
Эске салсак, Малайзиянын Амстредам-Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.