Маданият министрлиги: "Райондук гезиттер киреше табуу планын аткара албайт. Аймактык ЖМКларды жаңы форматта иштөөгө өткөрөбүз"

Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттары Финансы министрлигинин киреше табуу боюнча планын аткара албайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Буга чейин министр Султан Жумагулов райондук гезиттерди электрондук форматка өткөрүү демилгесин көтөргөн эле. Бүгүн, 24-майда депутат Рыскелди Момбеков бул демилгеге каршы чыкты. Эл өкүлү айыл тургундарынын көпчүлүгү гезиттен маалымат ала турганын белгилеп, алардын маалымат алуусуна тоскоолдук жаратпоо керектигин айткан. "Айылдагы чабандын "Айфону" жок, тоодогу малчынын ноутбугу жок. Алар маалыматты гезиттен алат", - деген ал.

Маданият министрлиги облустук жана райондук гезиттерди реформалоого байланыштуу бир катар башкы редакторлордун кайрылуусу келип түшкөнүн кабарлады.

"Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" токтому кабыл алынды.

Токтомдун 3-пунктуна ылайык, министрлик, облустук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларын жана облустук жана райондук гезиттердин редакцияларын бириктирүү аркылуу, алардын базасында 7 облустук медиа-борборлорду түзүү менен 64 штаттык бирдикке кыскартып кайра уюштуруу белгиленген", - деп жазылат маалыматта.

Анда жазылгандай, учурда аймактык мамлекеттик ЖМКларда 542 адам эмгектенет. Анын ичинен:

- 192 кызматкер райондук гезиттерде;

- 180 кызматкер облустук гезиттерде;

- 220 кызматкер облустук телерадиокомпанияларда иштешет.

"2017-жылы бул ЖМКларга республикалык бюджеттен 125 миллион 54 миң сом бөлүнгөн, 2018-жылга 148 миллион 218 миң сом каралган. Аймактык ЖМКлар Финансы министрлигинин киреше табуу боюнча планын аткара алышпайт. Мисалы, 2017-жылы 44 миллион сом пландалса, 33 миллион 800 миң сом гана киреше табышкан. Мындан тышкары райондук, облустук гезиттерди жабуу тууралуу сөз жок, болгону аларды электрондук форматка которуу керек. Бул заман талабы. Кагаз продукциялар өтүмдүү болбой калды. Гезиттер айына 2, ашып кетсе жумасына бир жолу чыгат. Ал эми интернет жана теле аркылуу жаңылыктар саат, мүнөт сайын чыгып жатат. Эскирген кабарларды ким окуйт? Тираждары аз, кыстап жаздыруу салты дагы эле кала элек", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Билдирүүдө облустук медиа-борборлорду түзүү аркылуу аймактык маалымат саясатын күчөтүү мүмкүн экени белгиленген. Аткени жер-жерлердеги окуялар сайт жана теле аркылуу тынымсыз бериле баштайт.

"Медиа-борборлор маалымат жыйындарды, брифингдерди жана башка кызматтарды көрсөтүп, өз алдынча каржы табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул реформа – мезгил талабы. Ал эми жергиликтүү кабарчылар, редакторлор жаңыча иштөөгө даяр болушу керек. Жаңы форматта иштөөгө өтүү боюнча жыйындар мурда бир канча жолу өткөрүлгөн. Ошол эле кайрылуу жазган редакторлордун медиа-борборлордун жетекчиси болуусуна эч ким тоскоолдук кылбайт. Ал орундарга сынак жарыяланат жана ал ачык-айкын өтөт", - деп кошумчалады министрликтин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан