Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго "Алай районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды

Ош облусунун Алай райондук кеңешинин чечими менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго "Алай районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу ӨКМнын расмий сайты кабарлады. "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жана жолдордун абалын жакшыртып, көпүрөлөрдү куруудагы активдүү аракеттери үчүн аталган наамга арзыды" деп айтылат кабарда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан