Дүйнөнүн эң кымбат медиакомпаниясы аныкталды. Бул ирет "Netflix" "Disney" компаниясын басып өттү

Дүйнөдөгү эң кымбат медиакомпания аныкталды. Ал АКШнын "Netflix" көңүл ачуучу компаниясы деп табылды. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, аталган компаниянын акциясы өткөн жылга салыштырмалуу 349 миң долларга өсүп, жалпы кирешеси 161 миллиард долларды түзгон. Онлайн берүүлөрдү, тасмаларды, сериаларды даярдаган "Netflix" компаниясы бул ирет дүйнөдөгү эң кымбат медиакомпания деп аталды. Ал эми буга чейин биринчиликти бербей гигант аталган "Disney" компаниясынын акциясы 102 миң долларга төмөндөп, жалпы кирешеси 152 миллиард доллар деп бааланган.

Белгилей кетсек, учурда "Netflix" компаниясына 125 миллион колдонуучу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан