Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы Өзбекстандын элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров баштаган 5-6 адам нааразылык акциясын өткөрдү. Алар Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары атып өлтүргөн кыргыз жараны үчүн Ташкенттен кун төлөп берүүнү, бул иш мыйзам чегинде иликтенип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты. Алар кара түстөгү кол чатыр кармап турушту. Муну Өзбекстандын коңшусуна жасаган мамилесинин өңү деп түшүндүрүштү алар.