24-июнда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Европа Союзунун борбор Азиядагы атайын өкүлү Патриссия Флор менен жолукту. Жолугушуу Бельгия өлкөсүндө болуп, анда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Өз сөзүндө Патриссия Флор Кыргызстандагы саясий реформалар өнүгүү жолунда бара жатканын баса белгиледи.