Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары турган эки жасалма аттын ар биринин баасы 14 миң евро (1 миллион сомдон ашуун) турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын аталган музейге болгон көчмө жыйынында белгилүү болду.
Депутат Каныбек Иманалиев "бул экспонат ат эмес, эшекке окшош" деп айтты. "Маданият министрлигинин алдындагы кыргыз залкарларынын эстелиги 4 миң доллардан тургузулган. Силердин атыңардын акчасы андан ашып кетип жатат. Чыңгыз Айтматовдун эстелиги 20 миң долларга тургузулган. Бул жерде коррупция бар", - деди Иманалиев.
Депутат Бахадыр Сулейманов бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү керектигин айтты. "Бул музейди жаңылоо ЖЭБдеги схемадан айырмасы жок. Укук коргоо органдары териштирип чыгышы керек", - деп сунуштады Сулейманов.
Депутат Сайдулла Нышанов Кыргыз жергесинде курулуп жаткан мекемелерге жергиликтүү компаниялардын эмереги коюлушу керектигин айтты. "Өкмөткө тапшырма коёлу, чечим кабыл алсын. Бизде азыр каалаган эмеректи жасап бере турган учур. Бул тармак бышып жетилди. Чет өлкөдөн алууга тыюу салуу керек", - деди Нышанов.
Айта кетсек, Тарых музейине германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясынан эмерек сатып алынган. Учурда эмеректин 95 пайызы алып келинген. Ар бир отургуч 100 миң сомдон сатып алынган.