Өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүнөт. Эл аралык иштер боюнча парламент комитети Кыргызстандын өкмөтү менен Эл аралык өнүгүү ассоциациянын ортосундагы “Өнүгүү тармагындагы саясат жана колдоо багытындагы операциялар” программасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Маалыматка ылайык, эл аралык ассоциация тарабынан 13,75 миллион доллар каражат насыя иретинде берилет. Насыяны төлөөдөгү алгачкы 10 жыл жеңилдиктер болуп, 0,75 пайызда төлөнөт. Калган бөлүгү грант түрүндө берилмекчи.