Тарых музейин оңдоо үчүн консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро коротулган. Бул тууралуу депутат Бахадыр Сулейманов "Ата Мекен" фракциясынын Мамлекеттик тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча өткөргөн көчмө жыйынында билдирди. Ошондой эле ал германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы алып келген отургучтун баасы 100 миң сомдон экенин маалымдады.
Депутат Каныбек Иманалиев музейди оңдоо иштерине президенттик аппараттан ким кураторлук кылганына кызыкты. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү президенттик аппараттан эч ким кураторлук кылбаганын айтышты.
Бирок Иманалиев: "Тарых музейинин курулушуна ошол кезде президенттик аппараттын жетекчиси, кийин премьер-министр болгон Сапар Исаков кураторлук кылыптыр. Муну ачыктап чыгыш керек", - деп айтты.