Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары 1869-жылы негизделген. Аймагы 48,5 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 1690 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда шаарда облустук эки оорукана, эки базар, беш мечит, тогуз жогорку жана орто окуу жайлары бар. Шаардын көркүн ачкан эки сейил бак, зоопарк, аэропорт, музей, түнкү клубдар жана башкалар шаардыктарга кызмат көрсөтөт. Шаардагы дагы бир өзгөчөлүк - мыксыз курулган мечит болуп эсептелет. Келген туристтердин көпчүлүгү ушул мечитке кайрылып дуба кылышат. Бүгүнкү күндө Каракол шаарынын көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп, улам жаңы имараттар курулууда.