Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жокко чыгарылган жолугушуусунун күнү кайрадан белгиленди

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан жолукмай болду. Бул тууралуу АКШ лидери социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Трамп тарабынан жокко чыгарылган жолугушуу кайрадан эле 12-июнга коюлду.

"Биздин Түндүк Корея менен өтө турган сүйлөшүүбүз өтө жемиштүү болот. Буга чейин белгиленгендей эки тараптуу саммит 12-июнда Сингапурда өтөт", - деп жазган Трамп. Ошондой эле АКШнын президенти саммит 12-июндан алыс эмес убакытка жылышы мүмкүн экендигин кошумчалаган.

Айта кетсек, 24-майда Трамп Түндүк Корея лидеринин АКШга карата айткан сынын себеп көрсөтүп, жолугушуудан баш тарткан. Анын бул кадамын Түндүк Корея тарап "эрктин жетишсиздиги жана өзүнө болгон ишенимди жоготкондук" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Djumahmatov
2018-05-26 12:25:46
Ким Чен Ын Трампты коркутуп алганго
+4
karakulja
2018-05-26 12:46:12
Трамп ото начар женил ой адам экен.
+4
kubinis.kg
2018-05-26 13:45:15
бул Трамп оюн бат озгортуп кайра чечим кыла берет го
+3
Dembele84
2018-05-26 14:27:06
Трамп бир ою жок маскарапоз киши да,
+2
take1984
2018-05-26 15:42:56
Трамптай болуш жомок боло албагандар андай мындай дей берет
0
Meni_unut
2018-05-26 16:02:04
Трамп жаш балдардай эле
+1
ALGAMOC
2018-05-26 18:31:33
Эврейлердин коргозмосу м/н иштеген баягы Трамп да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан