24-июнда ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин орун басары Памир Аманов ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөновдун кармалышы боюнча бир катар маалыматтарды айтты. 18-июнда Таш-Көмүр шаарынан укук коргоо кызматкерлери анын унаасын текшерип, курал таап чыгышкан. Буга байланыштуу М.Төлөгөновго карата "мыйамсыз курал-жарак сактоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.