Криштиану Роналду карьерасын жыйынтыктаган соң эмне менен алек болорун айтты

Дүйнөлүк футбол жылдызы, испаниялык "Реал Мадрид" клубунун жана Португалиянын улуттук курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасын жыйынтыктаган соң эмне менен алек болорун айтты. Анын испаниялык El Chiringuito de Jugones аттуу телекомпанияга берген маегинде, карьерасын аяктаган соң өзүн кино тармагында сынап көрөрүн айткан.

"Менде ар түрдүү идеялар болуп жатат. Негизинен алганда, мен өзүмдү актёр катары сынап көргүм келет. Албетте, бул тармакта менин тажрыйбам болбогон соң экинчи даражадагы ролдорду жаратам. Менин буга чейин жарнамаларга тартылганым аз да болсо тажрыйба болуп бере алат. Жалпылап алганда видеого түшкөн мага абдан жагат. Мен англисче, португалча жана испанча эркин баарлаша алам", - деп айтат футбол жылдызы.

Эске салсак, Криштиану Роналду быйыл 33 жашка толот. Ал буга чейин футболдогу карьерасын 41 жашка чыккандан кийин жыйынтыктарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Syimyk.isaev
2018-05-26 12:24:09
Ийгилик тируу легенда!
+8
Dembele84
2018-05-26 12:28:05
Акча толтура эмне кылам десе ошону кылса болот азыр копчулук футболисттерге,и ошо кинолорго тартылып капчыгын андан коп толтуруп алса болот жылдызы жанып турган маалда
+15
Meni_unut
2018-05-26 12:31:30
Бугун Ливерпульдун дарбазасын тешип салчы.
+8
Qwerty8800
2018-05-26 12:36:42
Бугун Ливерпуль чемпион болот иншааллах
-1
bekmaral
2018-05-26 13:56:30
Qwerty8800,плюсту бассан деле минус го автор дагы реалдыкынан окшойт.Реалдык болсон да анда реалный болгула да
-1
Rasul94
2018-05-26 12:53:13
Дагы 5 жыл ойноп берсе болду эле. алдыдагы пландары ийгиликтуу боло берсин.
Жаша Роналду
+12
Azatbek.Svoboda.
2018-05-26 13:15:25
Rasul94,Окусаң 41 жашка чыкканда карьерасын токтотот деп турат. Бул жерде карьерасын токтоткондон кийин эмне менен алек болоорун жазылган.
-7
Rasul94
2018-05-26 13:26:38
Azatbek.Svoboda.,ооба окудум.5 жыл ойносо деле Реалга кооп эле ийгилик жаратат.эн башкысы ден соолукта болсун Роналду лучший футболист 21век
+8
Kalmurzaev8900
2018-05-26 12:53:21
Реал реал толка реал эчкимге орун бербей келет молодцы роналдо
+6
Mina24
2018-05-26 13:25:22
Ливерпульдун куйормандарын да сыйлап бири бирибизди сыйлайлы туугандар минус байпайлы кимиси утат аны бир алла озу билет ии кучтуусу утуп келген
+5
mirbek_kgz.1990
2018-05-26 13:38:09
You'll Never Walk Alone! Ливерпуль алга! Ливерпуль алга мен сени менен!
-4
Kg-samsung
2018-05-26 13:49:22
Озу буга оскар эле бериш керек оюн учурунда кыйда эле жата калып актер болоберет
+1
Azat.97
2018-05-26 14:09:28
Kg-samsung,Суарезчи?
+1
Dembele84
2018-05-26 14:23:55
Kg-samsung,соперниктин колу кокурок жагына тийип кетсе,бетин кармап артка учуп жыгылчу ушу Роналду болот.Штрафнойго кирип озунон озу чалынып жалдырап пенальти сураган дагы Роналду болот.Сонун актер болот Индийский фильмдерге!
-1
Isco22
2018-05-26 18:08:53
Dembele84,бизге Парыбир эмеспи. А так ЛЧны утуп атабы? Кербени журуп кетип жатат
0
FCBMESSI
2018-05-26 14:55:07
Kg-samsung,туура
-1
Alinur
2018-05-26 14:48:52
Коро албагандар ар нерсе дей бересинерда
0
Nurbag
2018-05-26 15:49:27
Жарым сезон испанияда оюн корсотподу Месси толук сезон оюн корсотту фанаткалар
-3
Beknur10
2018-05-26 16:43:43
Туура эле ойлоптур бул актер да озу фудболдо
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан