ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: Жаш кезинен актриса болгусу келип, "Мени күт" телеберүүсүнөн жылдызга айланган Мария Шукшина 51 жашка толду

Бүгүн орусиялык актриса теле алпаруучу Мария Шукшина 51 жашка толду. Ал 1967-жылы 27-майда Москва шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн.

Актриса жаш кезинен эле бир тууган эжеси Ольга Шукшина менен бир катар тасмаларда роль жараткан. Кичинесинен чыгармачылыкка жакын өсүп, мектепти аяктаган соң апасынын тандоосу менен Мориса Тореза атындагы чет тилдер институтунда котормочулук факультетин аяктаган. Актрисанын англис жана испан тилдерине эркин сүйлөп калуусуна апасынын салымы чоң. Ал өз сөзүндө апам "Сен жашооңо пайдалуу окууну танда, бирок эч качан актрисалык кесипти эмес" деген принцип менен мени котормочулук кесипке окуткан деп айтканы бар.

Актриса окуусун аяктаган соң кесиби боюнча бир катар жеке ишканаларда эмгектенген. Бирок ички дүйнөсү чыгармачылыкка ыктаган айым акыр аягы кино айдыңына келген. Ал бир нече сериалдарга жана кинотасмаларда роль жараткан. 1995-жылы "Америкалык кыз" ("Американская дочь") "Кандай сонун оюн" ("Какая чудная игра") тасмаларында роль жараткан соң 1999-жылы "Мени күт" телеберүүсүн алып бара баштаган. Бул берүү актрисага мыкты алып баруучулук бакытты тартуулган.


"Мени күт" телеберүүсүнөн атактуулукка жеткен алпаруучуга бир топ тасмаларга роль жаратуу сунушу түшкөн. Ал көпчүлүк орус тасмаларында башкы ролдорду ойноп, актриса катары да мыктылыгын көрсөтө алган.



Актриса учурда төрт баланын апасы жана бир неберенин чоң апасы. Ал үч жолу турмушка чыгып, тилекке каршы, алардын бири менен да чогуу боло алган эмес. Биринчи турмушун Артём Трегубенко аттуу жаран менен курган. Ортолорунда Анна аттуу кызы төрөлгөн соң эки айрылыш жолго түшкөн. Андан соң ырчы экинчи жолдошуна турмушка чыгып, уулдуу болушкан. Үчүнчү жолдошу жеке ишкер Борис Вишняков менен жарандык никеде жашаган. Алардын ортосунда Фока жана Фома аттуу эгиз балдары бар.

27-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-05-27 11:44:19
Азыркынын 50жаштагылары мурункунун 30жаштагыларындай эле корунуп калды го..
0
Kroxa
2018-05-27 13:57:50
Соонун актриса го,молочина..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан