ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “КРнын өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра оңдоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоору каралып, парламенттин кароосуна дароо эле үч окууда киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Тараз-Талас-Суусамыр жолун оңдоонун үчүнчү бөлүгү үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан 10 миллион доллар насыя бөлүү каралып жатат. Насыянын үстөгү болжол менен 1 пайыздын тегерегинде болот. Ал каражатка 3 жыл аралыгында 30 чакырым жол калыбына келтирилет.