Орусиянын лидери Владимир Путин кезектеги президенттик шайлоого катышпайт. Аталган маалыматты чет элдик басылмалар Путиндин өзүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Путинге кезектеги президенттик шайлоо тууралуу суроо Орусиядагы форумдардын биринде журналисттер тарабынан берилген. "Мен ар дайым Орусиянын Конституциясына баш ийип келгем, мындан ары да ушундай болот. Ал жерде бир жаран үчүнчү ирет катарынан президенттик шайлоого катыша албай тургандыгы ачык жазылып турат. Учурда мен экинчи мөөнөттө иштеп жатам. Буга чейин мен эки ирет катарынан президент болуп, Баш мыйзамга ылайык 3-мөөнөткө барган эмесмин. Мен бул эрежени келечекте да сактайм", - деген Путин.
Айта кетсек, Путин буга чейин 4 жолу президент болуп шайланган. Ушул жылдын март айында ал шайлоочулардын 56,4 пайызынын добушуна ээ болуп, тыныгуусуз экинчи мөөнөткө президент болду. Путин 2000-жылдан 2008-жылга чейин эки ирет катарынан президент болуп шайланып, 2008-жылдан 2012-жылга чейин премьер-министр катары иштеп келген. 2012-жылы кайрадан президенттикке келип, 2018-жылы да шайлоодо жеңип чыкты. Орусияда кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылы болот.