Данияр Тербишалиев: "Айлык акыбызды элден неге жашырышыбыз керек? Мисалы, менин айлыгым - 31685 сом"
Бүгүн ЖКда депутат Данияр Тербишалиев депутаттардын айлыктары жөнүндө маселе көтөрдү. "Учурда коомчулукта депутаттардын айлык акысы кызуу талкууга алынууда. Депутаттар менен мамлекеттик чиновниктердин айлык акысы элге ачык-айкын болушу керек. Биздин айлык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чогулат. Ошол салык төлөөчүлөр биздин канча айлык алып жатканыбызды билгиси келет. Эмнесин жашырабыз? Мисалы, мен ачык эле айтам, айлыгым - 31685 сом. Ушул маселени күн тартибине киргизүүнү суранам",- деди Тербишалиев.